Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрда аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрда аяктайт.

Билим берүү министрлиги эскерткендей, тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин болот.

Ага орто жана орто кесиптик билими бар жана учурда жогорку окуу жайларында окубаган адамдар каттала алышат.

ЖОЖдорго кышкы тандоо окуунун контракттык формасы боюнча гана жүргүзүлөт.

Кошумчаласак, ЖРТга каттоо баасы 370 сомду түзөт.