Кыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлдү.
Уюмдун расмий ачылышы бүгүн болду.
Иш-чарада Казакстандан келген спортчулар мастер-класс уюштуруп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү.
Федерациянын маалыматына ылайык, өлкөдө бул спорттун түрү менен 100гө жакын спортчу машыгат.
Кыргызстанда алгачкы расмий мелдештерди кийинки жылы өткөрүү пландалууда.