“Ысык-Көл “Акылдуу шаар” долбоору кореялык компаниялардын консорциуму тарабынан иштелип чыгат

“Ысык-Көл “Акылдуу шаар” долбоору кореялык компаниялардын консорциуму тарабынан иштелип чыгат.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, аймакты изилдөө үчүн өлкөгө адистер келди.

Алар керектүү маалыматтарды чогултуп, алгачкы отчетту даярдашат.

Ведомство белгилегендей, “Ысык-Көл “Акылдуу шаар” долбоору шаарды курууга, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга багытталат.