Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык.

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Өтмөк, Талдык, Долон ашууларында, Сарыташ – Карамык, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Буга карабай, чектөөлөр киргизилген жок.

Бирко алыскы сапарга чыга турган айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүшү керек.