Бишкекте эки күн аномалдуу жылуу аба ырайы күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн жана эртең шаарда күндүз аба табы 20 градуска чейин жетет.
Бирок 3-ноябрдан баштап температура төмөндөйт жана нормалдуу калыбына келет.
Аба-ырайы күндүз 10-13 градуска чейин жылуу болот.
Бирок асманды булут каптап, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.