Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 20 миллион сомго курулган ишкана суткасына 4 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү.
Мындан тышкары, ушул эле айылда тигүүчү цех ачылып, 20 адам жумуш менен камсыз болду.