Учурда Улуттук банктын карамагында дээрлик 38 тонна алтын бар

Учурда Улуттук банктын карамагында дээрлик 38 тонна алтын бар.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, мунун ичинен жалпы суммасы 57 миллиард сомдук 13 тонна алтын алтын-валюта резервинде турат.

Ал кошумчалагандай, дагы 24 тонна банктын алтын корунда сакталуу.

Эске салсак, Улуттук банкта дээрлик 38 тонна алтын сакталып турганын Садыр Жапаров Элдик курултайда да айткан.

Президент бул алтын бир жылда казылып алынганын белгилеген.