Бүгүн кечки саат 6да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилеп кетсек, быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган.
Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1 миң 400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилди.