Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды.
Палатадан маалым болгондой, алар экс-премьер-министр Темир Сариев, ишкер Жодар Сайдилканов жана жергиликтүү логистикалык компаниянын башкы директору Авазбек Керимбаев. Төрагалыкка жалыпсынан тогуз киши талапкер болгон.
Шайлоо 19-декабрда өтөт.
Ал эми палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.
Соода-өнөр жай палатасы — ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм.