ЖК Бишкектин мэрин кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизет

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровго сунуш киргизет.

Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды.

Тиешелүү токтомду 66 эл өкүлү колдоп, эч ким каршы чыккан жок.

Депутаттар белгилегендей, мэр ордо калаадагы түтүн, таштанды, башаламан имараттардын салынышы боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн тийиштүү чараларды көрбөй жатат.