Каржы министрлиги тарабынан 3 645 ишкер пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Аталган каражаттар өлкөдөгү 11 банк аркылуу үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрынан бери берилип жатат. Алар — «Айыл банк», РСК, «Керемет банк», «Халык банк», «Доскредобанк», «Азия банкы», «ФинансКредитБанк», «Капитал банк», «Кыргызкоммерцбанк», «Кыргыз-Швейцария банкы» жана «Бакай банк».
Насыяны төмөнкү категорияга кирген ишкерлер ала алат:
насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилет;
акчаны мыйзам чегинде (көмүскө эмес) иш алып барган, салык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор ала алат;
кредиттин мөөнөтү 36 айга чейин;
каражатты ишкерликти баштаганына жарым жылдан ашкандар алат. Бирок айыл чарба тармагына берилбейт;
жылдык акча жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер бир миллион сомго чейин ала алат;
жылдык акча жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер жана юридикалык тараптар үч миллион сомго чейин ала алат.