Кыргызстанда куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн режимине өттү. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 миңден ашык кызматкери камсыздайт.
Стратегиялык маанилүү объектилер, эл көп чогулган жерлер, ооруканалар, социалдык объектилер өзгөчө көзөмөлгө алынат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 31-декабрда жана рождество майрамдарында адатта өрт көп катталат.