Кыргызстанда бардык мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдү киргизүү пландалууда.
Токтомдун долбоору министрлер кабинети жана Улуттук банк тарабынан иштелип чыкты.
Коммерциялык банктар мамлекеттик мекемелерди карталарды, QR-кодду же электрондук акчаны колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу сунушталат.
Бул чечимдин максаты санариптик төлөмдөрдү киргизүү, акча жүгүртүүдөгү ачык-айкындуулукка жетишүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо болуп саналат.