Министрлер кабинети республиканын банктарына Россия жана башка өлкөлөрдө бөлүмдөрүн ачуу тапшырмасын берди

Министрлер кабинети республиканын банктарына Россия жана башка өлкөлөрдө бөлүмдөрүн ачуу тапшырмасын берди.

 

Акылбек Жапаровдун айтымында, кыргызстандык мигранттар тапкан акчасынын бир бөлүгүн тиричиликке, бир бөлүгүн үйгө жакындарына которууга жумшаса, калган бөлүгүн ошол өлкөдөгү банктардын бирине депозит ачып салып коет.

 

Бийлик ошол аманаттар үчүн банк филиардарын ачып, экономикага кошумча киреше алып келүү ниетинде. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, жыл сайын Кыргызстанга мигранттар 2 миллиард доллардан ашык которуп келет, бул республика ички дүң өндүрүмүнүн үчтөн бир бөлүгүнө барабар.