Кыргызстан мектептериндеги 3 предмет бириктирилет

Кыргызстан мектептериндеги 3 предмет бириктирилет. Бул тууралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, кеп жашоо коопсуздугунун негиздери, адеп жана мекен таануу сабактары тууралуу болуп жатат.

 

Учурда бул 3 предметтин бириктирип, материалдарын камтыган жаңы сабакты түзүү иштери жүрүп жатат, — деди министр.