Мамлекеттик карызды бөлүштүрсө, ар бир кыргызстандыкка 731 доллардан туура керек

Мамлекеттик карызды бөлүштүрсө, ар бир кыргызстандыкка 731 доллардан туура керек. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 31-августка карата Кыргызстандын бересеси 4 миллиард 827 миллион долларга жетти.

 

Анын басымдуу бөлүгү тышкы карыз жана Кытайдын Эксимбанкына туура келет. Бир айда эле мамлекеттик бересе 3 миллион долларга көбөйдү.