Бишкекте митингдерге тыюу 31-мартка чейин узартылды

Бишкекте митингдерге тыюу 31-мартка чейин узартылды. Мындай чечимди ордо калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, Россия элчилигинин жанында, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Панфилов паркында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун жана УКМКнын имараттарынын жанында ар кандай акцияларды өткөрүүгө болбойт. Ошол эле учурда чектөөлөр… Кененирээк…

Түштүк кореялык иштеп чыгуучулар курьердик роботту көрсөтүштү

Түштүк кореялык иштеп чыгуучулар Лас-Вегастагы технология көргөзмөсүндө курьердик роботту көрсөтүштү. «Акылдуу» жеткирүүчүнүн салмагы 45 килограмм. Ал 25 килограммга чейинки жүктү көтөрүп, ылдамдыгы саатына 7 чакырымга жетет. Жакынкы айларда иштеп чыгуучу гольф аянтчалары үчүн өзүн өзү айдап жеткирүү кызматтарын коммерциялаштырууну пландаштырууда.

Элчи Мадмаров Түркмөнстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын мамлекет башчысы элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде, элчи Мадмаров Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго жылуу кабыл алгандыгы… Кененирээк…

“Ош” эл аралык аэрпорту кадимки тартипте иштеп жатат

“Ош” эл аралык аэрпорту кадимки тартипте иштеп жатат. Бизге “Манас” аба майданынын басма сөз кызматынан такташкандай, учурда каттамдар боюнча эч кандай мүчүлүштүк жок. Эске салсак, кечээ “Ош” эл аралык аэрпорту ишин убактылуу токтоткон. Мунун себеби калың жааган карга жана туманга байланыштуу болгон. Каттамдар дээрлик 20… Кененирээк…

Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак эл аралык форуму өтөт

Бишкекте январь айынын аягында кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтөт. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов форумду уюштуруу боюнча атайын жыйын өткөрүп, ага Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору,… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында жарандар жылынуучу түйүндөр уюштурулду

Кыргызстандын аймагында жарандар жылынуучу түйүндөр уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Унаа жолдордо каттамдар жабылганда же чектөөлөр киргизилгенде жүргүнчүлөргө кам көрүү максатында Бишкек – Ош жолундагы Арал, Сосновка постторунда, Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Осмонкулов айыл аймагында жана Бишкек – Токмок жолунун боюндагы Кант шаарында… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Талкуу учурунда айрым депутаттар Кыргызстанда рулу оң жактагы машиналарга жүргүнчү ташууга тыюу салынганын, ал эми таксилердин көбү оң рулдуу экенин эске алганда айдоочулар өтө көп кыйынчылыктарга туш… Кененирээк…