Элчи Мадмаров Түркмөнстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго ишеним грамоталарын тапшырды.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын мамлекет башчысы элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, элчи Мадмаров Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго жылуу кабыл алгандыгы жана калоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн жана бир тууган элдердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого зарыл болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу кызматташууга кошумча түрткү жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун баса белгилешти.