Жогорку Кеңеш таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу учурунда айрым депутаттар Кыргызстанда рулу оң жактагы машиналарга жүргүнчү ташууга тыюу салынганын, ал эми таксилердин көбү оң рулдуу экенин эске алганда айдоочулар өтө көп кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал экенин, көпчүлүгү жумуш жоктугунан же айлыгы аздыгынан таксист болууга мажбур экенин белгилешти.

Эгер мыйзам колдоо тапса, такси фирма өзү үчүн лицензия алып, анын баасы бир жылга 1 миң сом болмок.

Ал эми ошол фирмага кирген айдоочулар лицензияны бир жылга 500 сомго сатып алмак.