“Ош” эл аралык аэрпорту кадимки тартипте иштеп жатат

“Ош” эл аралык аэрпорту кадимки тартипте иштеп жатат.

Бизге “Манас” аба майданынын басма сөз кызматынан такташкандай, учурда каттамдар боюнча эч кандай мүчүлүштүк жок.

Эске салсак, кечээ “Ош” эл аралык аэрпорту ишин убактылуу токтоткон.

Мунун себеби калың жааган карга жана туманга байланыштуу болгон.

Каттамдар дээрлик 20 сааттан кийин жанданганы кабарланды.