Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, вирустарга кабылуу учурлары дээрлик 2 эсе азайды.   Бирок сырттагы катуу суук иммунитетке таасирин тийгизиши мүмкүн.   Андыктан, жарандарга беткап режимин, жеке гигиенаны сактап, бөлмөлөрдү… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш мугалимдерди кемсинтүү үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорду кабыл алды

Жогорку Кеңеш мугалимдерди кемсинтүү үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорду кабыл алды. Документке ылайык, эгер мектеп окуучусу мугалимге орой мамиле жасап, кемсинтсе – ата-энесине эскертүү берилет.   Ал эми муну 18 жашка чыккан чоң киши жасаса, ал 1 миң сом айыпка тартылат. Документ 3 окууда… Кененирээк…

Кыргызстанда ызгардуу суук болжол менен дагы беш күнгө созулат

Кыргызстанда ызгардуу суук болжол менен дагы беш күнгө созулат. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулашы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте бүгүн түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Кыргызстандын Новосибирсктеги Башкы консулу алмашты

Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Калдарали Маматалиев Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Айдарбеков Башкы… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерлерге пайызы жок каражат берилүүдө

Кыргызстанда ишкерлерге пайызы жок каражат берилүүдө. Өкмөт былтыр күздөн тарта чакан жана орто бизнестеги ишкерлерге 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин пайызы жок кредит берди. Каражат алуу үчүн ишкерлер мыйзамдуу иштеп, акыркы 6 ай ичиндеги патенти болушу зарыл. Насыя өлчөмү 250 миң сомдон ашса күрөө… Кененирээк…

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Белгиленгендей, жаңы элчи дайындоо боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Осоев былтыркы жылдын октябрында Унаа жана жолдор министри кызматынан бошотулган. Ал эми Япониядагы буга чейинки элчи Мирлан Арстанбаев 2022-жылдын августунда иштен алынган.

Былтыркы жылы жалпы 1,8 млрд сомго кепилдик берилди

Былтыркы жылы Кепилдик фонду 1 млрд 850 млн сомго 1050 кепилдик берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, 2021-жылга караганда өсүү 160 пайызды түздү. “Банктар биздин колдообуз менен 6 млрддан ашык суммага насыя берген. Өткөн… Кененирээк…

Илон Маск Гиннес рекорддор китебине кирди

Tesla, SpaceX жана Twitter компанияларынын жетекчиси Илон Маск тарыхта эң көп чыгымга дуушар болгон адам катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди. 2022-жылдын аягында америкалык бизнесмендин байлыгы жыл ичинде 200 миллиард долларга азайып, 340 миллиард доллардан 137 миллиард долларга чейин төмөндөгөнү кабарланган. Азыр Маск байлар рейтингинин экинчи… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кылмыштуу өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Дүйнөдөгү эң криминалдуу өлколөрдүн рейтинги жарыяланды. Кылмыштуулуктун саны боюнча эң коркунучтуу үч өлкөнүн катарына Венесуэла, Жаңы Гвинея жана Түштүк Африка кирет. Венесуэлада ар бир 100 миң тургунга 84 кылмыш туура келет. Түштүк Африкада — 77. Афганистан менен Гондурас төртүнчү жана бешинчи орунда. Кыргызстан бул рейтингде… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар күрткүсү жана муз тоңушу мүмкүн. Мындай кырдаал кеминде 14-январга чейин сакталат. Айдоочулар бул тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.