АКШда өзгөчө ыкма менен эки кабаттуу үй курулууда

АКШда өзгөчө ыкма менен эки кабаттуу үй курулууда. Аны биринчи жолу 3D-принтер менен басып чыгарышууда. Турак-жайдын жалпы аянты – 370 чарчы метрден ашат. Ал эми аны басып чыгарууга жарым ай талап кылынат.

 

Аянтта салмагы  12 тоннага жеткен атайын аппарат орнотулган. Ал биринин артынан бирин кылып бетон чыгарат.

 

Конструкция гибриддик болот, тактап айтканда анын жарымы бетондон болсо, жарымы жыгачтан тургузулат. Кызыгы, курулушу жаңы эле башталган өзгөчө үйгө кардар табылып, аны эртелеп сатып алышты.