Таласта өзгөчө кырдаал режими алынды

Таласта суу каптоо коркунучу жоюлуп, өзгөчө кырдаал режими алынды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, үч күн мурун Талас районунун Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучу жаралган.

Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу 2 миң 500 метрди түзүп, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду.