Быйылкы жылы Бишкектин Ак-Тилек, Ак-Тилек- 2, Ак-Тилек (турбаза), Бакай Ата, Ала-Арча конуштарын газдаштыруу күтүлүүдө.
Бул тууралуу мэрияда өткөн абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында талкууланды.
Белгиленгендей, 2024-2025-жылдары Бишкектин чеке-белиндеги конуштарды толук газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип жатат.
Мэрия муну менен ордо калаадагы ыш маселесин чечүүнү көздөөдө.