Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан пияз жана сарымсакты ЕАЭБдин аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштоодо.
Мекеме мындай чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана пияздын базар баасын турукташтыруу үчүн зарыл экенин белгилейт.
Токтом долбоору талкууга коюлду.