Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштурат

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштурат.

Ведомстводон билдиришкендей, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жалпысынан 280 объект ачуу пландалууда.

Мектепке чейинки билим берген мекемелер 20 миңден ашык баланы камтый алат.

Буга чейин тандалган имараттарды оңдоого жана башка шарттарга тендер жарыяланган.

Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.