Машыгуу үчүн күндүн ыңгайлуу убактысы аталды

Америкалык окумуштуулар машыгуу үчүн күндүн эң ыңгайлуу убактысын атады.

Адистердин айтымында, эртең менен көнүгүү жасоо кан басымды төмөндөтүп, аялдардын белин ичкертүүгө жардам берет.

Ошол эле учурда кечки убак булчуңдардын иштешине жакшы таасир этет.

Эркектерге келсек, кечки машыгуулар кан басымын төмөндөтүүгө жардам берет, ал эми физикалык даярдыгын жакшыртуу үчүн алар сутканын каалаган убагында машыкса болот.