АКШнын тургуну өзүн өспүрүм катары көрсөтүп, мектепке бара баштаган

АКШнын 29 жаштагы тургуну өзүн өспүрүм катары көрсөтүп, мектепке бара баштаган. Жасалма документтерге ылайык, ал 15 жашта болгон. Бирок аял төрт күн гана окууга үлгүрүп, андан кийин алдамчылыгы ачыкка чыгып калган. Натыйжада жасалма документтерди жасаганы үчүн камакка алынды.

Кыргызстанда салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылдагы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады. Ага ылайык, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер 2022-жылдагы кирешеси, мүлкү тууралуу отчет бериши керек. Бул убакыттан кечиккендерге 1 миң сомдон 5 миң… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште аймактарда үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймактарына үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин жыйынында талкууланды. Натыйжада бул багытта жер-жерлерде иш алып баруу керек деген пикир айтылды. Белгилеп кетсек, аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо керектиги Жогорку Кеңеште… Кененирээк…

Майлуу-Суудагы чыгым дээрлик 44 млн сомду түздү

Майлуу-Суудагы авариянын кесепеттеринен келтирилген зыян дээрлик 44 миллион сомду түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул суммага инженердик кызматтарга келтирилген чыгым, калыбына келтирүү иштеринин каражаты жана экономикалык зыян кирет. Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам түтүктөр тоңуп, таза суу жана жылуулук… Кененирээк…

Майлуу-Суу шаарында социалдык объектилерге жылуулук жана таза суу бериле элек

Майлуу-Суу шаарында социалдык объектилерге жылуулук жана таза суу бериле элек. Калаада өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык,  жергиликтүү калктын  91 пайызы жылуулук менен камсыз болду, таза суу системасында авариялар уланып жатканына байланыштуу ичүүчү суу менен камсыз болгондор 51… Кененирээк…

Бишкекте ыш менен күрөшүү планы талкууланды

Бишкекте ыш менен күрөшүү планы талкууланды. Алсак, мэрия бул жылы 5 жаңы конушка газ өткөрүп, бишкектиктерге Кара-Кече көмүрүн колдонууга тыюу салып, казакстандык отунга өтүүнү сунуштайт.   Андан тышкары, 500 даана экологиялык коомдук транспорт сатып алып, ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү пландалууда. Ошону менен катар көп кабаттуу үйлөрдүн… Кененирээк…

Бишкекте Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды

Бишкекте Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды. Мэрия маалыматына ылайык, анын Гагарин – Алтымышев тилкесинде канализациялык коллекторду куруу иштери жүргүзүлөт.   Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Кыргыз-өзбек унаа заводунда 2 миң жаңы жумуш орду түзүлөт

Кыргыз-өзбек унаа заводунда 2 миң жаңы жумуш орду түзүлөт. Биргелешкен ишкана түзүү макулдашуусуна эки өлкөнүн Экономика министрлери Данияр Амангелдиев жана Лазиз Кудретов кол коюшту.   Ведомство маалыматына ылайык, баштапкы этапта заводдо жылына 2 миң унаа чыгарылса, 6 жылдын ичинде өндүрүштү 30 миң унаага жеткирүү пландалууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1 миң 780 сомдон 3 миң 170 сомго көбөйтүлдү

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1 миң 780 сомдон 3 миң 170 сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Андан такташкандай, жогорулатуу өткөн жылдын сентябрында кабыл токтомдун негизинде мүмкүн болду.   Андан тышкары, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондго трансферттердин көлөмү… Кененирээк…

АКШда дүйнөдөгү эң чоң пицца даярдалды

АКШда дүйнөдөгү эң чоң пицца даярдалды. Анын аянты 4 миң чарчы метрден ашты. Азыкты даярдоого 6 тонна камыр, 2 тонна кетчуп, 4 тонна сыр жана 630 кесим пепперони талап кылынды.   Мындай чоң пиццаны бөлүк бөлүк менен гана бышыруу мүмкүн болду, андан кийин аны ашпозчулар… Кененирээк…