ФИФАнын машыктыруучусу кыргызстандык балдарды тарбиялай баштады

Испаниялык машыктыруучу Даниэл Лимонес футболго кызыккан таланттуу балдарды Бишкекте машыктыра баштады.

Кыргыз футбол бирикмеси билдиргендей, ал Кыргызстанга ФИФАнын программасынын алкагында келген.

Лимонес июлга чейин эки өспүрүмдөр командасын машыктырат.

Машыктыруучу Испаниядагы «Атлетико Мадрид» академиясынын координатору, Пакистандын футбол федерациясынын улуттук директору болуп иштеген.

Анын УЕФА PRO лицензиясы бар.

Белгилеп кетсек, ФИФАнын жаш таланттарды машыктыруу долбооруна Евразия континентинен Кыргызстан жалгыз катышууда.