Баткенде 100 гектар жерге мисте багы отургузулат.
Бул тууралуу экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.
Маалыматка ылайык, Кең-Талаа айыл аймагындагы иштер март айында башталат жана ал жерде тамчылатып сугаруу системасы орнотулат.
Аталган айыл Баткендин Лейлек районуна карайт.
Лейлек кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.