Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.
Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.