Аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталды

Кыргызстанда аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталды.

Тиешелүү мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу альтернативдик кызматка чакырылгандар 50 миң сом, диний ишеними курал пайдаланууга жол бербегендер 100 миң сом төлөйт.

22 жашка чыгып бирок аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөндөр 300 миң сом төгөт.

Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк абалына жараша альтернативдик кызмат өтөгөндөр 18 миң сом, диний ишениминен улам курал пайдалануудан баш тарткандар 25 миң сом, ал эми 22 жашка чыкса да аскердик кызмат өтөбөгөндөр бюджетке 50 миң сом төлөйт.