Футбол боюнча курама команда мартта эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы март айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Оюндар Индия жана Мьянманын курама командалары менен болот.

Спорттук иш-чара келерки жайда Катарда өтө турган Азия кубогуна даярдык катары пландалган.