Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарды

Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда 1-январга карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6%га аз, анын ичинен катталган жумушсуздар 74,7… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги быйыл бюджеттен дээрлик 50 млрд сом алат

Билим берүү тармагына быйыл бюджеттен дээрлик 50 миллиард сом жумшалат. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу 72 пайызга көп. Каражат мугалимдердин жана билим берүү системасындагы кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле стипендиянын өлчөмүн көбөйтүүгө жумшалат. Мындан тышкары акча окуу китептерин басып… Кененирээк…

Кыргызстанда дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, республиканын бардык мастерлери өздөрүнүн кызыкчылыктарын эл аралык рынокто жылдыруу үчүн бир чоң уюмга биригүүнү чечишти. Белгиленгендей, алар чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп келишет. Бирок дүйнөлүк рынокко чыгып жаткан товарлардын сапатын көзөмөлдөө керек. Ал эми көзөмөлдү… Кененирээк…

Гонконгдо марттан тарта коомдук транспортто бет кап кийүү милдеттүү болбой калат

Гонконгдо марттан тарта коомдук транспортто бет кап кийүү милдеттүү болбой калат. Шаар кадимки абалына кайтып келүүдө. Жергиликтүү бийлик эми мегаполистин экономикасы жана өнүгүүсү “кыймылдайт” деп күтүүдө. Гонконгдо маска режими 2020-жылы пандемиядан улам киргизилген, андан кийин ал бир нече жолу узартылган.

Кыргызстандыктар мартта кошумча үч күн эс алышат

Кыргызстандыктар мартта кошумча үч күн эс алышат. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 8-март, ошондой эле 18инен 21ине чейин дем алыш күндөрү болуп калат. Быйыл Нооруз шейшембиге туш келгендиктен, 20-март, дүйшөмбү да эс алуу күнү деп жарыяланды. Ошентип, улуттук майрамга карата кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс… Кененирээк…

ТИМ Казакстандагы кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады. Ведомствонун маалыматына ылайык, эки өлкөнүн башкы дипломаттары Жээнбек Кулубаев менен Мухтар Тлеуберди Астанада өтүп жаткан АКШ-Борбор Азия жыйыны алкагында жолугушкан. Анда чет элдиктердин Казакстандын аймагына кирүүсү жана бул өлкөдө жүрүүсү боюнча жаңы эрежелердин кыргыз жарандарына таасири тууралуу… Кененирээк…

Унаа токтотуучу жайларда онлайн төлөм кабыл алына баштады

Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайларда онлайн төлөм кабыл алына баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасы «О!Акча » каржы кызматы менен биргеликте сканерлөө коду менен мобилдик капчыктар жана банктык тиркемелер аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу кызматтарын ишке киргизди.… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, бул чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет. “Негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын… Кененирээк…

Улуттук банктын карамагында 46 тоннадан ашык алтын бар

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын карамагында 46 тоннадан ашык алтын бар. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Маалыматка ылайык, бул соңку эки жылда чогултулган алтын. Анын 16 тоннасы Улуттук банктын 87 миллиард сомго барабар алтын-валюта резерви, ал эми запастагы алтын 138,5… Кененирээк…

Терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга рейд башталды

Терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Караңгылатуу» деп аталган иш-чара 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө унаасынын алдыңкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.