Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды.

Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

“Негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат.

Өлкөдөгү инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат.

Жыл башынан тартып керектөөлөрдүн баалары 2,8 пайызга өсүп, 17-февралга карата инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түзгөн.

Учурдагы инфляция жашылча-жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле ага мурда таасирин тийгизген факторлор кайрадан таасирин берип жатканын көрсөтүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.