Билим берүү министрлиги быйыл бюджеттен дээрлик 50 млрд сом алат

Билим берүү тармагына быйыл бюджеттен дээрлик 50 миллиард сом жумшалат.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу 72 пайызга көп.

Каражат мугалимдердин жана билим берүү системасындагы кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле стипендиянын өлчөмүн көбөйтүүгө жумшалат.

Мындан тышкары акча окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, компьютерлерди алууга жана мектептерди оңдоого сарпталат.

Чыгымдардын тизмесине мектеп окуучуларынын эл аралык, республикалык олимпиадалары,

Брайл шрифтинде окуу китептерин басып чыгаруу сыяктуу жумуштар кирет.