Кыргызстан мектептерин быйыл 69 миңдей окуучу аяктайт

Кыргызстан мектептерин быйыл 69 миңдей окуучу аяктайт. Бул тууралуу мектептеги билим берүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, 9-классты бүтүрүп жаткандардын саны 115 миңден ашат. Эске салсак, өткөн жылы 11-классты 67 миң окуучу аяктаса, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 106 миңге жеткен.

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуунун баасы 100 сомго кымбаттады

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуунун баасы 100 сомго кымбаттады.   Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, эми негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы 470 сомго барабар.   Буга чейин катышуучулар 370 сомдон төлөп келген. ЖРТга катышуу үчүн  каттоодон өтүү керек. Ал онлайн форматта testing.kg… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу мектептеги билим берүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, каттоо электрондук форматта www.testing.kg сайтында 7-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул үчүн абитуриенттерге паспорттун нускамасы, ЖРТ төлөмүнүн квитанциясы жана талаптарга ылайык сүрөт керектелет.   Белгилеп кетсек, ЖРТнын… Кененирээк…

Бишкекте эртең жалпы ишембилик өтөт

Бишкекте эртең жалпы ишембилик өтөт. Мэриядан эске салышкандай, шаарда  1-марттан 31-майга чейин көрктөнүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.   4-марттага ыжалпы ишембиликтин алкагында парктар, скверлер, көчө жээктери, арыктар тазаланып, көчөттөр тигилет. Жыйнап-тазалоо иштерине бардык каалоочулар чакырылат.

Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы төмөндөтүлдү

Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан такташкандай, буга чейин процедура бейтаптарга 2 миң 600 сомго айланса, эми баа 1 миң 500 сомго түшүрүлдү. Белгилеп кетсек, кымбат томографиялык аппарат Талас облусуна жакында эле жеткирилген.… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга  3 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилет

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга  3 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Аталган сумма былтыркыга салыштырмалуу  1 миллиард 600 миллион сомго аз. Ведомстводон белгилешкендей, бул жылы кредит берүү шарттары дагы өзгөрдү.   Каражат мамлекеттик банктардан… Кененирээк…

Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир нече иш-чара өтөт

Жыл сайын 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата Бишкек шаарында бир нече иш-чара өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди. Ага ылайык, 3-мартта борбор калаада «Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү» темасында… Кененирээк…

Кыргызстан жана Азербайжан ортосунда түз аба каттамы түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстан жана Азербайжан ортосунда түз аба каттамы түзүлүшү мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, бул аталган өлкөлөр арасында байланышты бекемдөөгө жардам берет.   Белгилүү болгондой, жакынкы арада бул маселенин техникалык тарабын тыкыр талкуулай турган эксперттик топтордун жолугушуусу өтөт.

Кыргызстанга өткөн жылы 40 миңден ашык унаа импорттолду

Кыргызстанга өткөн жылы 40 миңден ашык унаа импорттолду.   Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, бул 2021-жылга салыштырмалуу, дээрлик 4 эсе көп. Өлкө аймагына киргизилген унаалардын жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашат.   Басымдуу машинелер бизге Түштүк Корея, Грузия, Россия, АКШ жана Япониядан жеткирилет.

Лионель Месси Аргентина курамасынын оюнчуларына өзгөчө белек берет

ПСЖ чабуулчусу Лионель Месси Аргентина курамасындагы өнөктөш оюнчуларына дүйнө чемпионатындагы жеңиш үчүн 35 алтын iPhone белекке берет.   Бул тууралуу  The Sun басылмасы жазды.   Маалыматка ылайык, смартфондордун чехолу 24 караттуу алтындан жасалган. Анын жалпы баасы 175 миң фунт стерлинг же 210 миң долларды түзөт. Ар… Кененирээк…