Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир нече иш-чара өтөт

Жыл сайын 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата Бишкек шаарында бир нече иш-чара өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, 3-мартта борбор калаада «Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү» темасында илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара саат 10:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында уюштурулмакчы. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, коомчулукка жарыяланат.
Ал эми 5-март күнү Улуттук тарых музейинин алдында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу азем өтөт. Иш-чара алгач саат 10:00дө Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишинен баштап «Ала-Тоо» аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү менен башталат. Андан соң калпактардын көргөзмөсү уюштурулуп, манасчылар менен төкмө акындардын катышуусунда концерт тартууланат.