Лионель Месси Аргентина курамасынын оюнчуларына өзгөчө белек берет

ПСЖ чабуулчусу Лионель Месси Аргентина курамасындагы өнөктөш оюнчуларына дүйнө чемпионатындагы жеңиш үчүн 35 алтын iPhone белекке берет.

 

Бул тууралуу  The Sun басылмасы жазды.

 

Маалыматка ылайык, смартфондордун чехолу 24 караттуу алтындан жасалган. Анын жалпы баасы 175 миң фунт стерлинг же 210 миң долларды түзөт. Ар бирине футболчунун аты, оюн талаасындагы номери жазылып, кураманын логотиби түшүрүлөт.