«Тазалыктын» мурдагы жетекчиси мамлекетке 5,1 миллион сом кайтарды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Рысбек Сарпашев мамлекетке 5,1 миллион сомду кайтарып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Сарпашев өткөн бейшембиде кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал «Тазалыкка» материалдык-техникалык каражаттарды алуу үчүн бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган. УКМК Сарпашевдин башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун изилдеп… Кененирээк…

«КамАЗ» Ош шаарына тейлөө борборун ачат

«КамАЗ» Ош шаарына тейлөө борборун ачат. Бул тууралуу «ВТК КамАЗ» компаниясынын Орто Азия боюнча директору Любовь Тюрина билдирди. Ал бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын өнөр жай боюнча жумушчу тобунун жыйынында сүйлөдү. “Ошко тейлөө борборун ачуу пландалууда. Майда биздин адистер шаарга барып ылайыктуу жерлерди изилдеп келишет.… Кененирээк…

Бишкектин Ленин районунун акими кызматтан алынды

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы 28-мартта кабарлады. Азырынча анын ордуна ким келери тууралуу маалымат жок. Русланбек Тагаев Бишкектеги Ленин районунун акими болуп, былтыр мурдагы мэр Айбек Жунушалиевдин жарлыгы менен… Кененирээк…

Мамлекеттик мүлк фонду агенттик болуп кайра түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлигинин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди. Анда мындай чара мамлекеттик мүлктү башкарууда ыйгарым укуктуу органдардын ишин оптималдаштыруу жана… Кененирээк…