Бишкектин Садырбаев көчөсүндө жаңы тротуар жана веложол эки айдан кийин ачылат

Бишкектин Садырбаев көчөсүндө жаңы тротуар жана веложол эки айдан кийин ачылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жолдун түштүк тарабындагы курулуштун жалпы узундугу дээрлик 3 чакырымды түзөт. Учурда жумушка тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин 2023-жылдын май айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Бишкекте эртеңден тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бишкекте эртеңден тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, ордо калаада 4,3 миң абоненттин электр энергиясы үчүн бересеси бар.   Жарыгы жок калбаш үчүн, керектөөчүлөргө карызды бүгүн төлөө сунушталат. Төлөмдөр электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Лионель Мессинин трансфердик баасы 45 миллион еврону түздү

Лионель Мессинин трансфердик баасы 45 миллион еврону түздү. Аналитиктердин маалыматына ылайык, ПСЖ чабуулчусунун баасы 2007-жылдан бери биринчи жолу түшүп кетти.   Өткөн жылдын ноябрь айында эле Месси 50 миллион долларга бааланса, 2018-жылы анын трансфердик наркы 180 миллион евро болчу. Эске салсак, Месси “Барселонадан” ПСЖга 2021-жылы… Кененирээк…

Кыргызстанда  жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда

Кыргызстанда  жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда. Ал онлайн форматта жүрүп, 7-апрелге чейин созулат, — деп эскертет Билим берүү министрлиги.   11-классты аяктап жаткандар өз мектептеринен эле катталат, өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү – райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө. Негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы быйыл… Кененирээк…

Улуттук банк кичи каржылык уюмдарга кредиттик карталарды тапшырууга уруксат берүүнү сунуштады

Улуттук банк кичи каржылык уюмдарга кредиттик карталарды тапшырууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Ал кабыл алынып калса, кичи кредиттик уюмдарга берилген жаңы мүмкүнчүлүктөр аймактарда накталай эмес төлөм жүргүзүүнү, банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртмак.

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга жеткиликтүү баада күйүүчү май сатылып жатканын эскертет

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга жеткиликтүү баада күйүүчү май сатылып жатканын эскертет. Белгилеп кетсек, Материалдык резервдер мамлекеттик фонду менен май куючу станциялар тармагы ортосунда жетишилген келишимге ылайык, аймактарга 3 миллион литр дизелдик отун жеткирилген.   Күйүүчү май дыйкандарга литрине 65 сомдон сатылат. Бул базар баасынан арзаныраак.… Кененирээк…

Кыргызстандын 5 облусунда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт

Кыргызстандын 5 облусунда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт. Биринчи жолу электрондук добуш берүү системасы колдонулат, — дешти БШКдан.   Бул үчүн Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл кеңештери тандалып алынды. Бул аймактарда жергиликтүү тургундар арасында жаңычылдык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.   Кошумчаласак, айыл… Кененирээк…

Бишкекте орточо айлыктын өлчөмү февралда 402 долларды түздү

Бишкекте орточо айлыктын өлчөмү февралда 402 долларды түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарлары менен салыштырганда, эң аз деп эсептелет.   Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы өткөн айда Бишкек башка ордо калаалардан артта калганын көрсөттү.   Мисалы, Бишкекте орточо айлыкка 650 килограмм ун… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги кыз-келиндер үчүн сынамык түрдө SOS кнопкасын ишке киргизет

Ички иштер министрлиги кыз-келиндер үчүн сынамык түрдө SOS кнопкасын ишке киргизет. Ведомство маалыматына ылайык, баскыч аялзатына карата кылмыш жасала турганы айкын болуп калганда кооптуулукту билдирген сигнал болуп, милицияны тез чакырууга мүмкүнчүлүк берет.   Аталган кнопка телефонго орнотулуп, геолокация күйүп турган учурда маалымат кетире турган тиркеменин… Кененирээк…

Кыргызстан футбол командасы Индиядан утулуп калды

 Кыргызстандын улуттук командасы футбол боюнча жолдоштук беттеште Индиянын оюнчуларына 0:2 эсебинде утулуп калды. Оюн “Үч улуттун кубогу” турниринин алкагында Индияда өттү. Бүгүн үч өлкөнүн жолдоштук турниринин акыркы оюну болду. Буга чейин Индия Мьянманы 1:0 эсебинде уткан, ал эми Кыргызстан Мьянма менен 1:1 эсебинде тең чыккан. Жыйынтыгында Кыргызстан… Кененирээк…