«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Рысбек Сарпашев мамлекетке 5,1 миллион сомду кайтарып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Сарпашев өткөн бейшембиде кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал «Тазалыкка» материалдык-техникалык каражаттарды алуу үчүн бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган.
УКМК Сарпашевдин башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун изилдеп жатат. Көрсөтүлгөн эпизод боюнча иш сотко өткөрүп берилет.