Бишкектин Ленин районунун акими кызматтан алынды

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы 28-мартта кабарлады.

Азырынча анын ордуна ким келери тууралуу маалымат жок.

Русланбек Тагаев Бишкектеги Ленин районунун акими болуп, былтыр мурдагы мэр Айбек Жунушалиевдин жарлыгы менен дайындалган.