Кыргызстандагы эң чоң спорткомплекс Бишкекте пайда болот. Тиешелүү макулдашуу Улуттук олимпиада комитети жана кайрымдуулук фонду ортосунда жетишилди.
Долбоорду ишке ашыруунун баасы – 2 миллион доллар. Комплекс спорттун дээрлик бардык түрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташып, 2 миңден ашык көрүүчүнү батыра алат.
Учурда курулушка жер аныктоо иштери жүрүп жатат. Андан кийин тиешелүү органдар менен макулдашуу жүргүзүлөт.