Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жер тилкесин бөлүү суроосу чечилип жатат.
Жаңы аэробекетти куруу зарылчылыгы Жалал-Абад облусунун калкы арасында аба каттамдарга суроо-талап курч болгонуна байланыштуу келип чыкты. Ал эми учурдагы аэропортто жумасына 9 рейс аткарылат.