“Эл үмүтү” стипендиясына 13 студент тандалды

“Эл үмүтү” стипендиясына 13 студент тандалды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, стипендия Колумбия, Сассекс, Стэнфорд, Гарвард, Висконсин-Мэдисон, Эдинбург, Сеул улуттук университети жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшырып, магистратурага өткөн жана докторлукту жактай турган студенттерге берилет. Жалпысынан 17 студент талапкер болгон.

 

Былтыр бул программага 8 талапкер тандалып алынып, жалпы 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.