Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн бир айга жетпеген убакыт калды

Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн бир айга жетпеген убакыт калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, мөөнөт 1-сентябрда аяктайт.

 

Буга байланыштуу, ведомство жарандарды акыркы күнгө калтырбай, эртелеп салыктарды төлөөгө чакырат. Эске салсак, августтун аягына чейин транспорт каражатына, жеке турак-жайларга, батирлерге жана жерге салык төгүш керек. Кечиккендерге 5 миң сомго чейин айып салынат.