Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, жумуштар Тилеке Баатыр көчөсүнүн Нурматов – Навои тилкесинде жүрүп жатат.

 

Долбоорго ылайык, дээрлик 3 чакырымга жакын жерде эс алуу аймагы түзүлөт. Бул жерде көчө жарыгы, отургучтар орнотулуп, кичи аралдар пайда болот.