Жол инспекторлору эс алуу күндөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ишемби, жекшемби күндөрү транспорттун саны кескин көбөйөт, өзгөчө Бишкектен Ысык-Көлгө бет алган.
Андыктан, бул күндөрү инспекторлор коомдук транспорт жана жеке унаалар арасында рейд жүргүзүп, трассаларга кошумча посттор орнотулат.