Бишкекте жаңы сквер пайда болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, эс алуу аймагы Байтик Баатыр – Саманчин көчөлөр кесилишинде орун алат. Учурда бул жерде бордюрлар орнотулуп, тротуар салынууда.
Андан кийин ирригациялык тармак өткөрүлүп, отургучтар жана таштанды челектери орнотулат. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалып жатат.